КИНО ТАРТУУЧУ АППАРАТ
КИНО́ ТАРТУУЧУ АППАРА́Т , к и н о к а м ер а – кинотасмага тартылуучу объектилердин биркатарырааттуусүрөттөлүшүнтартуучуоптика-мех. жабдык. Ал 70 мм кинотасмага кең форматтуу кино; 35 мм кинотасмага жөнөкөй, кең экрандуу кино; 16 мм кинотасмага телекөр-
сөткүчтүк, окуу ж-а ил. кино; 8 мм (2x8 мм) кинотасмага окуу ж-а үйрөнчүк кино тартуучу болуп айырмаланат. К. т. а-тын негизги оптикалык бөлүктөрүн: кинотасманын жарык сезгич катмарында сүрөттөлүштү тартуучу объектив, ж-а аны байкоочу кадрдын чектерин тандоочу визирдик система (визир-лупа) түзөт. К. т. а-та жарык нуру обтюратордун жардамы м-н визирге же кадрдык терезеге багытталып турат. Визир-лупа аркылуу байкалган сүрөттөлүш коллективдүү линзадан алынат. К. т. а-тын мех. бөлүгүн тасма (плёнка) жылдыргыч механизм, кыймыл бергич ж-а обтюратор түзөт. Тасма жылдыргыч механизм кинотасманы берүүчү кассетадан кабыл алуучу кассетага өткөрөт. Керүүчү тиштүү барабан кинотасманы берүүчү кассетадан бир калыпта тартып жылдырып, кино каналына берет. Секирме механизмдин негизинде кинотасма кадрдык терезенин алдынан бөлүнүп өтөт ж-а кино каналына жетпей илмектерди пайда кылып, механизмдин тоскоолсуз иштешине шарт түзөт. Кинотасма кадр терезечесине токтогондо обтюратор ачылып, ал аркылуу берилген жарык м-н объектинин сүрөтү тасмага түшүрүлөт. Кассетага берилген кинотасма, тиштүү барабан аркылуу жайлатылып кабыл алгыч кассетага түрүлөт. К. т. а-тын кошумча жабдууларына: кең экрандуу кино тартуу үчүн анаморфоттук сап, жарык
чыпкасы, жарык коргогуч бленда, маскалар (каше), тасма метражын көрсөткүч, тахометрлер кирет. Арналышы б-ча К. т. а. кесиптик ж-а ышкыбоздор үчүн, конструкциясы б-ча көтөрүп жүрмө ж-а стационардык болуп бөлүнөт. 1990-жылдардан видеокамера сүрүп
чыгара баштады.