КИНО ТАРТУУЧУ АППАРАТ
КИНО́ ТАРТУУЧУ АППАРА́Т, к и н о к а м е р а – кино тасмага тартылуучу объектилердин бир катар ырааттуу сүрөттөлүшүн тартуучу оптика-механикалык жабдык. Ал 70 мм кино тасмага кең форматтуу кино; 35 мм кино тасмага жөнөкөй, кең экрандуу кино; 16 мм кино тасмага телекөрсөткүчтүк, окуу жана илимий кино; 8 мм (2x8 мм) кино тасмага окуу жана үйрөнчүк кино тартуучу болуп айырмаланат. Кино тартуучу аппараттын негизги оптикалык бөлүктөрүн: кино тасманын жарык сезгич катмарында сүрөттөлүштү тартуучу объектив, жана аны байкоочу кадрдын чектерин тандоочу визирдик система (визир-лупа) түзөт. Кино тартуучу аппаратта жарык нуру обтюратордун жардамы менен визирге же кадрдык терезеге багытталып турат. Визир-лупа аркылуу байкалган сүрөттөлүш коллективдүү линзадан алынат. Кино тартуучу аппараттын механикалык бөлүгүн тасма (плёнка) жылдыргыч механизм, кыймыл бергич жана обтюратор түзөт. Тасма жылдыргыч механизм кино тасманы берүүчү кассетадан кабыл алуучу кассетага өткөрөт. Керүүчү тиштүү барабан кино тасманы берүүчү кассетадан бир калыпта тартып жылдырып, кино каналына берет. Секирме механизмдин негизинде кино тасма кадрдык терезенин алдынан бөлүнүп өтөт жана кино каналына жетпей илмектерди пайда кылып, механизмдин тоскоолсуз иштешине шарт түзөт. Кино тасма кадр терезечесине токтогондо обтюратор ачылып, ал аркылуу берилген жарык менен объектинин сүрөтү тасмага түшүрүлөт. Кассетага берилген кино тасма, тиштүү барабан аркылуу жайлатылып кабыл алгыч кассетага түрүлөт. Кино тартуучу аппараттын кошумча жабдууларына: кең экрандуу кино тартуу үчүн анаморфоттук сап, жарык чыпкасы, жарык коргогуч бленда, маскалар (каше), тасма метражын көрсөткүч, тахометрлер кирет. Арналышы боюнча кино тартуучу аппарат кесиптик жана ышкыбоздор үчүн, конструкциясы боюнча көтөрүп жүрмө жана стационардык болуп бөлүнөт. 1990-жылдардан видеокамера сүрүп чыгара баштады.