КИНО ТАРТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́НО ТАРТУУ – тартылып жаткан объекти­нин ар түрдүү кыймылынын сүрөтү м-н кадр­ларды кинотасмага ырааттуу түшүрүү; фильм тартуудагы көркөм-чыг-лык ж-а өндүрүштүк-тех. процесс. Адатта К. т-нун жыштыгы 24 кадр/секга барабар. Аз жыштыктагы К. т. жай тартуу, чоң жыштыктагысы – тездетилген, ылдам ж-а жо­горку ылдамдыктагы деп аталат.