КИНО ТАРТУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́НО ТАРТУУ – тартылып жаткан объекти­нин ар түрдүү кыймылынын сүрөтү менен кадр­ларды кино тасмага ырааттуу түшүрүү; тасма тартуудагы көркөм чыгармачылык жана өндүрүштүк-техникалык процесс. Адатта кино тартуунун жыштыгы 24 кадр/секга барабар. Аз жыштыктагы кино – жай тартуу, чоң жыштыктагысы – тездетилген, ылдам жана жо­горку ылдамдыктагы деп аталат.