КИНОДРАМАТУРГИЯ
КИНОДРАМАТУРГИ́Я – чыг-лыктын адабийкинематогр. түрү; фильмдин адабий ж-а көркөмидеялык негизи. Кино иск-восундагы сүрөттөө каражаттарынын өсүп-өнүгүшүнүн түздөн-түз таасири м-н калыптанган. К. адабий образдуулуктун каражаттарына да ээ. К-нын табияты бир жагынан ад-тка, экинчи жагынан кинематографияга жакын болгондуктан, эки типтеги сценарийдин болушун шарттайт. Биринчиси – сценарий – өз алдынча көркөм чыгарма; экинчиси – болочоктогу фильмдин мазмуну м-н көркөм долбоорун айкындай турган адабий материал. Кинодраматургдар кинонун, о. эле ад-ттын көркөм каражаттарын пайдаланып, турмуш окуяларын түздөн-түз сүрөттөшөт. 20-к-дын 10-жылдары үнсүз киносюжет, кейипкер ж-а түзүлүштөр көбүнчө адабий чыгармалардан алынса, 1920- жылдардын аягында проза м-н драманын касиеттерин ж-а мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырган өзүнчө форма иштелип чыкты. Кинодо адамдын мүнөзүн ачуунун бир каражаты – диалог айрыкча маанилүү роль ойнойт. Кыргыз К-сынын калыптанышына ж-а телчигишине кинодраматургдар К. Өмүркулов, У. Токомбаев, Ш. Апылов, К. Жусубалиев, М. Гапаров, Б. Сарыгулов, М. Сарулу, театр драматургдары М. Байжиев, Б. Жакиев, А. Жакыпбеков ж. б. активдүү катышкан. Ч. Айтматовдун чыгармалары К-нын өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген.