КИНЕТИКА ЭНЕРГИЯСЫ
КИНЕ́ТИКА ЭНЕРГИЯСЫ – кыймылдоочу нерсенин энергиясы; мех. кыймылдын сандык чени. Ар кандай кыймылдоочу нерсе К. э-на ээ. Массасы m болгон чекит u ылдамдык м-н алга жылуу кыймылында болсо, анын К. э. Ек чекит массасын ылдамдык квадратына көбөйтүлгөн көбөйтүндүнүн жарымына барабар: Ек=mu /2. Алга жылуу кыймылындагы нерсенин энергиясы: Е =Мu2/2, М – нерсенин массасы, u – анын ылдамдыгы. Кыймылсыз октун айланасында
айлануучу катуу нерсенин К. э. Ек=Iw /2, – нерсенин айлануу огуна карата инерция моменти,
w – нерсенин бурчтук ылдамдыгы. К. э. нерсенин кыймылын токтотуучу күч аткарган жумуштун чоңдугу м-н аныкталат, джоуль (Дж) м-н ченелет.