КИНЕМАТОГРАФИЯ
КИНЕМАТОГРА́ФИЯ (гр. kinema – кыймыл ж-а ...графия) – иск-вонун түрү, кинофильм тартуучу ж-а элге көрсөтүүчү тармак. К. кинотехниканын тех. каражаттары м-н ишке ашат. К. чыгармалары киностудияларда чыгарылат. Тасмалар м-н аппаратураны кино ө. ж. жасайт. Фильмдер кинотеатрларда, көчмө залдарда ж-а телекөрсөтүү аркылуу көрсөтүлөт.