КИНЕМАТОГРАФИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИНЕМАТОГРА́ФИЯ (грекче kinema – кыймыл жана ...графия) – искусствонун түрү, кино тасма тартуучу жана элге көрсөтүүчү тармак. Кинематография кинотехниканын техникалык каражаттары менен ишке ашат. Кинематография чыгармалары кино студияларда чыгарылат. Тасмалар менен аппаратураны кино өнөр жайы жасайт. Тасмалар кино театрларда, көчмө залдарда жана телекөрсөтүү аркылуу көрсөтүлөт.