КИЛОГРАММ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЛОГРА́ММ (кг, kg) – массанын Эл аралык бирдиктер системасындагы негизги бирдиги. Белгилениши – кг. К. Чен ж-а салмактын Эл аралык бюросунда сакталуучу (Париждин жа­нындагы Севр ш.) Эл аралык үлгүнүн массасы­на барабар. К-дын үлгүсү платина (90%) м-н иридий (10%) куймасынан жасалган, цилиндр формасындагы тараза ташы (бийикт. ж-а диа­метри 39 мм). К-дын үлүштүк бирдиги грамм (г), 1 кг=1000 г. Эталон – көчүрмөлөрдүн үлгүгө салыштыруудагы ката 2–109дан ашпайт.