КИЛОГРАММ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЛОГРА́ММ (кг, kg) – массанын Эл аралык бирдиктер системасындагы негизги бирдиги. Белгилениши – кг. Килограмм чен ж-а салмактын эл аралык бюросунда сакталуучу (Париждин жа­нындагы Севр шаары) эл аралык үлгүнүн массасы­на барабар. Килограммдын үлгүсү платина (90%) м-н иридий (10%) куймасынан жасалган, цилиндр формасындагы тараза ташы (бийиктиги ж-а диа­метри 39 мм). Килограммдын үлүштүк бирдиги грамм (г), 1 кг=1000 г. Эталон – көчүрмөлөрдүн үлгүгө салыштыруудагы ката 2–109дан ашпайт.