КИЛЕМ ТОКУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЛЕМ ТОКУУ – колдо же машина м-н килем даярдоо процесси. К. т. – илгертен келе жаткан кол өнөрчүлүк. Алгач ал мал чарбачылыгы м-н кесиптенишкен элдерде пайда болгон. Бул кыр­гыз калкына да эзелтен тааныш. Килем түктүү ж-а түксүз болот. Килем түгү кыркылган же кыр­кылбай түймө түрүндө болушу мүмкүн (1-сүрөт). Кол м-н токулганда түрдүү түстөгү жиптерди ар бир эриш жибине чалуу аркылуу килемдин түгү жасалат. Алар көбүнчө кош чалымдуу, кээде бир чалымдуу түймө түрүндө болот да, учу бетине чыгарылып, анан кыркылып ташталат (2-сүрөт). Катар жаткан бир өңчөй түймөчөлөрдөн кийин аркак жиби жүргүзүлүп, ал алдынкыларына ка­рай адыргы тарак м-н ныктап урулат. Түк үчүн жүндөн ийрилген жип (кээде жи­бек жип), ал эми эриш ж-а арка­гына кебез жип колдонулат. Кө­бүнчө көп түстүү килем үчүн ке­без эриш жибинин ордуна ичке жибек жип алынат. Килемди машина м-н токуу 1825-ж. Евро­пада пайда болгон. Буга 1806-ж. Жаккар ойлоп тапкан машина­нын түстүү кездеме ж-а К. т-га пайдаланылгандыгы түрткү бол­гон. Кол м-н токулган килемге караганда машина м-н токулган килемдин бышыктыгы, көркөм­дүк сапаты бир аз төмөнүрөөк болгондугуна карабастан, сырт­кы түрү жагынан андан кем ка­лышпайт, машина м-н килем токууда иштин өндүрүмдүүлүгү жогорулап, продукциянын өздүк наркы төмөнүрөөк болот. Килем­чи кол м-н жылына 10–12 м2 ки­лем токуса, машина м-н сааты­на 4–5 м2 токулат. Машина ки­леми даярдоо шартына ж-а тү­рүнө жараша Жаккар машина­сында токулган, кош тилкелүү, тигилме түктүү ж. б. болуп айыр­маланат. Жөнөкөй түксүз килем үчүн бир катар эриш ж-а аркак жиптер пайдаланылат. Түктүү килемде эки же үч катар эриш

2-сүрөт. а – кош чалымдуу илмек: Э – эриш, а1а2 – аркак жиптер; Т – түк илмектери; 1 – эки эриш жиби­не чалынган; 2 – эриш жибине кош­топ чалынган; 3 – бир эриш жибине чалынган; 4 – эки кабат эриш жиби­не чалынган (тигинен); б – бир жа­рым чалымдуу илмек: 1 – эки эриш жибине чалынган (солго карай); 2 – эки эриш жибине чалынган (оңго ка­рай); 3 – эриш жибине коштоп ча­лынган; 4 – эки кабат эриш жибине чалынган (тигинен).
1 – сүрөт. а – машина менен токул­ган түктүү килем жиптеринин айка­шы: Т – түгү; НЭ – негизги эриш жиби; а – аркак; к – кошумча эриш жиби; б – түгү кыркылбаган килем жиптеринин айкашы: Т – түгү, НЭ – негизги эриш жиби; а –аркак; к – кошумча эриш жиби.


ж-а аркак жиптери болот. Мындагы аркак жип­тер өз эриш жиптери м-н гана эмес, жанаша эриш жиптер м-н да илинишет. Түк бетине гана түшүрүлөт. Машина м-н килем токууда негизги эриш жип үчүн кебез жип, түк үчүн жүн жип колдонулат. Килем токулуп бүткөндөн кийин ар түрдүү кошумча иштер аткарылып, килем­дин түгү кыркылат, ысык бууга кармалат, чети кайылат же чачы тагылат ж. б.