КИЛЕМ ТОКУУ
КИЛЕМ ТОКУУ – колдо же машина менен килем даярдоо процесси. Килем токуу – илгертен келе жаткан кол өнөрчүлүк. Алгач ал мал чарбачылыгы менен кесиптенишкен элдерде пайда болгон. Бул кыргыз калкына да эзелтен тааныш. Килем түктүү жана түксүз болот. Килем түгү кыркылган же кыркылбай түймө түрүндө болушу мүмкүн (1-сүрөт). Кол менен токулганда түрдүү түстөгү жиптерди ар бир эриш жибине чалуу аркылуу килемдин түгү жасалат. Алар көбүнчө кош чалымдуу, кээде бир чалымдуу түймө түрүндө болот да, учу бетине чыгарылып, анан кыркылып ташталат (2-сүрөт). Катар жаткан бир өңчөй түймөчөлөрдөн кийин аркак жиби жүргүзүлүп, ал алдынкыларына карай адыргы тарак менен ныктап урулат. Түк үчүн жүндөн ийрилген жип (кээде жибек жип), ал эми эриш жана аркагына кебез жип колдонулат. Көбүнчө көп түстүү килем үчүн кебез эриш жибинин ордуна ичке жибек жип алынат. Килемди машина менен токуу 1825-жылы Европада пайда болгон. Буга 1806-жылы Жаккар ойлоп тапкан машинанын түстүү кездеме жана килем токууга пайдаланылгандыгы түрткү болгон. Кол менен токулган килемге караганда машина менен токулган килемдин бышыктыгы, көркөмдүк сапаты бир аз төмөнүрөөк болгондугуна карабастан, сырткы түрү жагынан андан кем калышпайт, машина менен килем токууда иштин өндүрүмдүүлүгү жогорулап, продукциянын өздүк наркы төмөнүрөөк болот. Килемчи кол менен жылына 10–12 м2 килем токуса, машина менен саатына 4–5 м2 токулат. Машина килеми даярдоо шартына жана түрүнө жараша Жаккар машинасында токулган, кош тилкелүү, тигилме түктүү жана башка болуп айырмаланат. Жөнөкөй түксүз килем үчүн бир катар эриш жана аркак жиптер пайдаланылат. Түктүү килемде эки же үч катар эриш жана аркак жиптери болот.


Мындагы аркак жиптер өз эриш жиптери менен гана эмес, жанаша эриш жиптер менен да илинишет. Түк бетине гана түшүрүлөт. Машина менен килем токууда негизги эриш жип үчүн кебез жип, түк үчүн жүн жип колдонулат. Килем токулуп бүткөндөн кийин ар түрдүү кошумча иштер аткарылып, килемдин түгү кыркылат, ысык бууга кармалат, чети кайылат же чачы тагылат жана башкалар.