КИКЛАДДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИКЛАДДАР , Ц и к л а д д а р [гр. Kyklades – тегеректер (аралдар)] – Эгей деңизинин түш. бөлүгүндөгү архипелаг. Грекияга карайт. Жал­пы аянты 2,6 миң км2, 200дөн ашык аралдан турат; ирилери – Наксос (428 км2), Андрос (405 км2), Тинос, Парос, Милос. К. – байыркы (эгей) кургактыктын калдыгы, Балкан ж-а Кичи Азия ж. а-н туташтырып турган суу астындагы босоголордун көтөрүлгөн бөлүгү. Милос ж-а Тира а-дары жанартоо атылышынан пайда болгон. Тоолуу рельефи басымдуу, бийикт. 1008 мге че­йин (Наксос а-нда). Жер титирөөлөр болуп ту­рат. Негизинен кристаллдык ж-а акиташ тоо тектеринен түзүлгөн. Климаты жер ортолук де­ңиздик, жайы ысык ж-а кургак, кышы жылуу ж-а нымдуу. Январдын орт темп-расы 10–13,5°С, июлдуку 26–27°С. Жылдык жаан-чачыны 350– 600 ммдей. Тоо капталдарында бадал өсүмдүктөрү (фригана) басымдуу; өрөөндөрүндө жүзүм, май алынчу ж-а цитрус өсүмдүктөрү, буудай, жүгөрү өстүрүлөт. Мал чарбасы ж-а балыкчылык өнүк­көн. Темир ж-а боксит кендери, Наксос а-нда наждактын ири кени бар.