КИКЛАДДАР
КИКЛАДДАР , Ц и к л а д д а р [гр. Kyklades – тегеректер (аралдар)] – Эгей деңизинин түштүк бөлүгүндөгү архипелаг. Грекияга карайт. Жалпы аянты 2,6 миң км2, 200дөн ашык аралдан турат; ирилери – Наксос (428 км2), Андрос (405 км2), Тинос, Парос, Милос. Кикладдар – байыркы (эгей) кургактыктын калдыгы, Балкан ж-а Кичи Азия жарым аралдарын туташтырып турган суу астындагы босоголордун көтөрүлгөн бөлүгү. Милос ж-а Тира аралдары жанартоо атылышынан пайда болгон. Тоолуу рельефи басымдуу, бийиктиги 1008 мге чейин (Наксос аралында). Жер титирөөлөр болуп турат. Негизинен кристаллдык ж-а акиташ тоо тектеринен түзүлгөн. Климаты жер ортолук деңиздик, жайы ысык ж-а кургак, кышы жылуу ж-а нымдуу. Январдын орточо температурасы 10–13,5°С, июлдуку 26–27°С. Жылдык жаан-чачыны 350– 600 ммдей. Тоо капталдарында бадал өсүмдүктөрү (фригана) басымдуу; өрөөндөрүндө жүзүм, май алынчу ж-а цитрус өсүмдүктөрү, буудай, жүгөрү өстүрүлөт. Мал чарбасы ж-а балыкчылык өнүккөн. Темир ж-а боксит кендери, Наксос аралында наждактын ири кени бар.