КИЕВ ОРУС МАМЛЕКЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́ЕВ ОРУС МАМЛЕКЕТИ , Б а й ы р к ы о р у с м а м л е к е т и – Чыгыш Европадагы байыркы феод. мамлекет (9–12-к.). К. о. м-нин түзүлүшү­нө негизинен чыгыш славян уруулары ж-а Скан­динавиядан Чыгыш Европага келген варягдар­дын таасири тийип, түштүгүнөн Тамань ж. а., батышынан Днестр ж-а Висла д., түндүгүнөн Двинанын жогорку агымы м-н чектешкен. 18-к-дын 2-чейрегинде Г. З. Байер, Г. Ф. Мил­лер ж. б. иштеп чыккан «норман теориясы» б-ча байыркы орус мамлекетинин түзүлүшүнө варягдар (норманндар) негизги роль ойногон. Ал эми Нестор жазган «Убактылуу жылдардын повести» б-ча варягдар алгачкы мезгилде сла­вян (словен, кривич) ж-а финн (чуд, мер, вест) урууларынан салык гана чогултуп турган. Ки­йин бул уруулар көтөрүлүш чыгарып, салык төлөөдөн кутулган, бирок ички бытырандылык­тын натыйжасында князь катары варяг Рюрик м-н анын жакын туугандарын чакырууга арга­сыз болгон. Аскольд м-н Дир башында турган Рюриктин жарым кошууну түштүктү көздөй жылып, Киевге отурукташса, Рюрик Новгород­до калган. Түштүктөгү варягдар ылдамыраак, ал эми түндүктөгү скандинавия уруулары жа­йыраак ассимиляциялашууга дуушар болгон. Рюрик өлгөндөн кийин анын тууганы Олег 882-ж. Киевди алып, Новгороддун түндүгү м-н Киевдин түштүгүн бириктирген ж-а Эски Ладога, Гнёздова ж. б. жерлерди кошуп, борбору Киев ш. болгон Байыркы орус мамлекетин түзгөн. 988– 89-ж. К. о. м-нин улуу князы Владимир I Свя­тославич христиан динин мамл. динге айлан­дырган. Киев, Новгород, Ладога, Белоозёр, Рос­тов, Суздаль, Псков, Полоцк ж. б. ш-да кол өнөрчүлүк, дыйканчылык, мал чарбачылык, соода, агартуу иштери өнүгүп, Ярослав Мудрый­дын (1019–54) тушунда К. о. м. өнүгүүнүн жо-


К няз ь Владимир Свят ос лавич т ин Днепр жээгиндеги эс телиги. 1853 . Ску льп т ор лор : В. И. Демут-Малинов­ский, П. К. Клодт. Архитектор К. А. Тон.

горку баскычына жеткен. Бул мезгилде дин кызматкерлери маанилүү орунду ээлеп, чиркөөнү Константинополдун патриархы дайындоочу митрополит башкарган ж-а коомдук мамилелер «Русская правда» ж. б. укуктук актылар м-н көзөмөлдөнүп турган. Түш. ж-а батыш славян­дар, Византия, Батыш Европа, Кавказ, О. Азия элдери м-н байланыш түзүлгөн. 11-к-дын аягын­да кыпчактардын кол салуусунан ж-а орус княз­дарынын ич ара талаш-тартыштарынан мамле­кет начарлаган. 12-к-дын башында К. о. м-нде феод. бытырандылык башталган. Мамлекеттин биримдүүлүгүн сактап калууга 1113–25-ж. баш­карган князь Владимир II Мономах ж-а анын уулу Мстислав (1125–32) аракет кылган, бирок 12-к-дын 2-жарымында бытырандылык күчөп, Новгород ж-а Псков өз алдынча бөлүнүп, мам­лекет кулаган.