КИЕВ ОРУС МАМЛЕКЕТИ
КИ́ЕВ ОРУС МАМЛЕКЕТИ , Б а й ы р к ы о р у с м а м л е к е т и – Чыгыш Европадагы байыркы феодалдык мамлекет (9–12-кылымдар). Киев орус мамлекетинин түзүлүшүнө негизинен чыгыш славян уруулары ж-а Скандинавиядан Чыгыш Европага келген варягдардын таасири тийип, түштүгүнөн Тамань жарым аралы, батышынан Днестр ж-а Висла дарыялары, түндүгүнөн Двинанын жогорку агымы м-н чектешкен. 18-кылымдын 2-чейрегинде Г. З. Байер, Г. Ф. Миллер ж. б. иштеп чыккан «норман теориясы» боюнча байыркы орус мамлекетинин түзүлүшүнө варягдар (норманндар) негизги роль ойногон. Ал эми Нестор жазган «Убактылуу жылдардын повести» боюнча варягдар алгачкы мезгилде славян (словен, кривич) ж-а финн (чуд, мер, вест) урууларынан салык гана чогултуп турган. Кийин бул уруулар көтөрүлүш чыгарып, салык төлөөдөн кутулган, бирок ички бытырандылыктын натыйжасында князь катары варяг Рюрик м-н анын жакын туугандарын чакырууга аргасыз болгон. Аскольд м-н Дир башында турган Рюриктин жарым кошууну түштүктү көздөй жылып, Киевге отурукташса, Рюрик Новгороддо калган. Түштүктөгү варягдар ылдамыраак, ал эми түндүктөгү скандинавия уруулары жайыраак ассимиляциялашууга дуушар болгон. Рюрик өлгөндөн кийин анын тууганы Олег 882-жылы Киевди алып, Новгороддун түндүгү м-н Киевдин түштүгүн бириктирген ж-а Эски Ладога, Гнёздова ж. б. жерлерди кошуп, борбору Киев шаары болгон Байыркы орус мамлекетин түзгөн. 988–89-жылдарда Киев орус мамлекетинин улуу князы Владимир I Святославич христиан динин мамлекеттик динге айландырган. Киев, Новгород, Ладога, Белоозёр, Ростов, Суздаль, Псков, Полоцк ж. б. шаарларда кол өнөрчүлүк, дыйканчылык, мал чарбачылык, соода, агартуу иштери өнүгүп, Ярослав Мудрыйдын (1019–54) тушунда Киев орус мамлекети өнүгүүнүн жо-

горку баскычына жеткен. Бул мезгилде дин кызматкерлери маанилүү орунду ээлеп, чиркөөнү Константинополдун патриархы дайындоочу митрополит башкарган ж-а коомдук мамилелер «Русская правда» ж. б. укуктук актылар м-н көзөмөлдөнүп турган. Түштүк ж-а батыш славяндар, Византия, Батыш Европа, Кавказ, Орто Азия элдери м-н байланыш түзүлгөн. 11-кылымдын аягында кыпчактардын кол салуусунан ж-а орус княздарынын ич ара талаш-тартыштарынан мамлекет начарлаган. 12-кылымдын башында Киев орус мамлекетинде феодалдык бытырандылык башталган. Мамлекеттин биримдүүлүгүн сактап калууга 1113–25-жылдарда башкарган князь Владимир II Мономах ж-а анын уулу Мстислав (1125–32) аракет кылган, бирок 12-кылымдын 2-жарымында бытырандылык күчөп, Новгород ж-а Псков өз алдынча бөлүнүп, мамлекет кулаган.