КИДИБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИДИБАЕВ Мустафа Мусаевич (16. 7. 1950-ж. т., Нарын обл., Нарын ш.) – физик, физика-мате­ма

тика илимд. доктору (1997). проф. (1997). КР УИАнын корр. мүчөсү (2006). Пржевальск мамл. педагогика ин-тунун физ.-

география ф-тин бүтүргөн (1972). КРдин Инж. акаде­миясынын академиги (2001), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреа ты (2000), КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (2003). КР УИА ФИде кен­же ил. кызматкер, жетек­төөчү ил. кызматкер, лабор. башчысы (1974–93), КРдин Өкмөт аппаратында референт (1993), Аралды сактоо б-ча эл аралык фонддун аткаруучу ди­рекциясында кеңешчи (1995), ошол эле жерде директор (1997–98), К. Тыныстанов атн. Ысык- Көл мамл. ун-тинин ректору (1998–2004), КРдин Билим берүү министри (2004–05), 2006-жылдан КР УИА ФИде лабор. башчысы. Катуу заттар­дын физикасы б-ча адис. К-дин ил. изилдөөлө­рүнүн негизги багыты – кристаллдын оптика­лык ж-а ЭПР-спектроскопиясы, кристалл-фи­зика, сызыктуу эмес оптика, катуу заттын ра­диациялык физикасы, оптикалык материалдар. 300гө жакын ил. эмгеги, а. и. 2 монография, 8 окуу китеби, 12 автордук күбөлүк ж-а 3 патен­ти бар.


Эмг.: Радиационно-оптические свойства функцио­нальных материалов на основе активированных кристаллов фторидов лития и натрия. Б., 2009.