КИДИБАЕВ
КИДИБАЕВ Мустафа Мусаевич (16. 7. 1950-жылы туулган, Нарын облусу, Нарын шаары) – физик, физика-матема

тика илимдеринин доктору (1997). профессор (1997). КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (2006). Пржевальск мамлекеттик педагогика институтунун физикалык-география факультетин бүтүргөн (1972). КРдин инженердик академиясынын академиги (2001), КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2003). КР УИА ФИде кенже илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер, лаборатория башчысы (1974–93), КРдин Өкмөтүнүн аппаратында референт (1993), Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун аткаруучу дирекциясында кеңешчи (1995), ошол эле жерде директор (1997–98), К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору (1998–2004), КРдин билим берүү министри (2004–05), 2006-жылдан КР УИА ФИде лаборатория башчысы. Катуу заттардын физикасы боюнча адис. Кидибаевдин илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыты – кристаллдын оптикалык ж-а ЭПР-спектроскопиясы, кристалл-физика, сызыктуу эмес оптика, катуу заттын радиациялык физикасы, оптикалык материалдар. 300гө жакын илимий эмгеги, анын ичинде 2 монография, 8 окуу китеби, 12 автордук күбөлүк ж-а 3 патенти бар.
Эмг.: Радиационно-оптические свойства функциональных материалов на основе активированных кристаллов фторидов лития и натрия. Б., 2009.