КИГАЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИГА́ЛИ – Руанда Респ-нын борбору. Виль-де- Кигали префектурасынын адм. борбору. Өлкө­дөгү жалгыз ири шаар. Калкы 904,8 миң (2008). Жол тоому. К-ни Уганда, Бурунди ж-а Танза­ния м-н байланыштырат. Эл аралык аэропорту

Руанданын борбору – Кигали.

бар. 1907-ж. негизделген. 1916-ж. чейин герма­ниялык Чыгыш Африканын курамына, 1-дүй­нөлүк согуштан кийин Бельгия ээлигинин ку­рамына кирген. 1962-жылдын 1-июлунан Руан­данын борбору. 1994-ж. Руанда тутси элин мас­салык кыруу (бир млнго жакын адам өлгөн) эт­нос аралык кагылышууларга алып келип, ал 1997-ж. чейин созулган. Статистика ж-а кол­донмо экономика ин-ту (1975), Маалымат берүү ж-а улуттук архив кызматы (1979), ун-т, улут­тук китепкана, геология музейи бар. К. соода (кофе, булгаары, бодо мал) ж-а ө. ж-нын ири борбору. Тамак-аш–татымал (пиво, алкоголсуз ичимдиктер, кофе, чай даярдалат), булгаары­бут кийим, текстиль (кебез-кездеме, жууркан ж. б.), эмерек, ширеңке, металл конструкция ө. ж. ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөр­чүлүгү (папирустун чийинен, пальманын буласы­нан токуу, бышырылган карападан ар кандай фигураларды жасоо) өнүккөн. Шаарда Африка­дагы эң ири гелио орнотмо бар (2007; 250 кВт).