КИГАЛИ
КИГА́ЛИ – Руанда Республикасынын борбору. Виль-де-Кигали префектурасынын административдик борбору. Өлкөдөгү жалгыз ири шаар. Калкы 1,7 млн. (2022). Жол тоому. Кигалини Уганда, Бурунди ж-а Танзания м-н байланыштырат. Эл аралык аэропорту

бар. 1907-жылы негизделген. 1916-жылга чейин германиялык Чыгыш Африканын курамына, 1-дүйнөлүк согуштан кийин Бельгия ээлигинин курамына кирген. 1962-жылдын 1-июлунан Руанданын борбору. 1994-жылы Руанда тутси элин массалык кыруу (бир млнго жакын адам өлгөн) этнос аралык кагылышууларга алып келип, ал 1997-жылга чейин созулган. Статистика ж-а колдонмо экономика институту (1975), маалымат берүү ж-а улуттук архив кызматы (1979), университет, улуттук китепкана, геология музейи бар. Кигали соода (кофе, булгаары, бодо мал) ж-а өнөр жайынын ири борбору. Тамак-аш,татымал (пиво, алкоголсуз ичимдиктер, кофе, чай даярдалат), булгаары бут кийим, текстиль (кебез-кездеме, жууркан ж. б.), эмерек, ширеңке, металл конструкция өнөр жай ишканалары иштейт. Салттуу кол өнөрчүлүгү (папирустун чийинен, пальманын буласынан токуу, бышырылган карападан ар кандай фигураларды жасоо) өнүккөн. Шаарда Африкадагы эң ири гелио орнотмо бар (2007; 250 кВт).