КЁЛЬН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЁЛЬН – Германиянын батышындагы шаар.
Түн. Рейн-Вестфалия жеринде (адм.-айм. бир­дик). Рейн д-ндагы порт (жылына 15 млн т жүк ташылат). Калкы 1,0 млн (2010); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 4-шаар (Берлин, Гамбург ж-а Мюнхенден кийин). Ага жакын жайгаш­кан шаар-спутниктеринин калкы 2 млндон ашык. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын эко­номикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Гер­маниянын ири банктарынын штаб-квартирала­ры жайгашкан. Өлкөнүн соода-финансы борбо­ру. Машина куруу (транспорт, а. ч., оор, электр­тех., радио-электроника ж. б.), нефть ажыра­туу, нефть-хим., текстиль, парфюмерия, кагаз, тамак-аш–татымал (сыр, ун, шоколад), тамеки ө. ж. ишканалары иштейт. К. – дүйнөлүк маа­нидеги автомобиль ө. ж-нын борбору. Амер. «Ford Motor Company» ж-а япониялык «Toyota Motor Corporation» автоконцерндеринин штаб­квартиралары, DAF, «Mazda», «Nissan», «Volvo» компанияларынын кеңселери жайгашкан. Мет­рополитен иштейт. Ун-ттер (а. и. Кёльн), ки­тепканалар, тарыхый архив, 40тан ашык му­зей (а. и. көркөм кол өнөрчүлүк, Епархия, Валь­раф-Рихарц-Людвиг, Кунстхалле, Чыгыш Азия иск-восу ж. б.) бар. К. – Европанын муз. театр борборлорунун бири. Бир нече театрлар (а. и. опера ж-а балет), Мамл. жогорку музыка мек­теби, филармония, ири концерт залдары иш­тейт. Б. з. ч. 1-к-дан белгилүү. 785–1273-ж. ар­хиепископтуктун борбору. О. кылымда Ганза мамлекетинин башкы шаарларынын бири бол­гон. 1475-ж. эркин империя шаар статусун ал­ган. 1946-жылдан Түн. Рейн-Вестфалия жери­нин курамында. Роман (10–13-к.) ж-а барокко (17–18-к.) стилиндеги чиркөөлөр, готика сти­линдеги собор (13–19-к.), ратуша (14–15-к.), турак жайлар (13-к.), ренессанс стилиндеги цейхгауз (16–17-к.) сакталган. Эл аралык му­зыка фестивалдары ж-а бүткүл дүйнөгө белгилүү жармаңке-көргөзмөлөр өткөрүлүп турат. Ири парктар, зоопарк, «Флора» ботан. багы (экзо­тикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт) уюштурулган.