КЁЛЬН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЁЛЬН – Германиянын батышындагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде (административдик-аймактык бир­дик). Рейн дарыясындагы порт (жылына 15 млн т жүк ташылат). Калкы 1,0 млн (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 4-шаар (Берлин, Гамбург ж-а Мюнхенден кийин). Ага жакын жайгаш­кан шаар-спутниктеринин калкы 2 млндон ашык. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын эко­номикасынын негизин тейлөө чөйрөсү түзөт. Гер­маниянын ири банктарынын штаб-квартирала­ры жайгашкан. Өлкөнүн соода-финансы борбо­ру. Машина куруу (транспорт, айыл чарба, оор, электр­-техника, радио-электроника ж. б.), нефть ажыра­туу, нефть-химия, текстиль, парфюмерия, кагаз, тамак-аш–татымал (сыр, ун, шоколад), тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Кёльн – дүйнөлүк маа­нидеги автомобиль өнөр жайынын борбору. Америкалык «Ford Motor Company» ж-а япониялык «Toyota Motor Corporation» автоконцерндеринин штаб ­квартиралары, DAF, «Mazda», «Nissan», «Volvo» компанияларынын кеңселери жайгашкан. Мет­рополитен иштейт. Университеттер (анын ичинде Кёльн), ки­тепканалар, тарыхый архив, 40тан ашык му­зей (анын ичинде көркөм кол өнөрчүлүк, Епархия, Валь­раф-Рихарц-Людвиг, Кунстхалле, Чыгыш Азия искусствосу ж. б.) бар. Кёльн – Европанын музыкалык театр борборлорунун бири. Бир нече театрлар (анын ичинде опера ж-а балет), мамлекеттик жогорку музыка мек­теби, филармония, ири концерт залдары иш­тейт. Б. з. ч. 1-кылымдан белгилүү. 785–1273-жылдарда ар­хиепископтуктун борбору. Орто кылымда Ганза мамлекетинин башкы шаарларынын бири бол­гон. 1475-жылы эркин империя шаар статусун ал­ган. 1946-жылдан Түндүк Рейн-Вестфалия жери­нин курамында. Роман (10–13-кылымдар) ж-а барокко (17–18-кылымдар) стилиндеги чиркөөлөр, готика сти­линдеги собор (13–19-кылымдар), ратуша (14–15-кылымдар), турак жайлар (13-кылым), ренессанс стилиндеги цейхгауз (16–17-кылымдар) сакталган. Эл аралык му­зыка фестивалдары ж-а бүткүл дүйнөгө белгилүү жармаңке-көргөзмөлөр өткөрүлүп турат. Ири парктар, зоопарк, «Флора» ботаникалык багы (экзо­тикалык өсүмдүктөр өстүрүлөт) уюштурулган.