КЕТОНДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕТОНДОР – углеводороддордун эки радикалы м-н байланышкан карбонил тобу С=О бар орг. бирикмелер R – C – R–. Радикалдын табиятына 11 О карата алифаттык, алициклдүү, ароматтык ж-а гетероциклдүү болуп бөлүнөт. Алифаттык К-дун төмөнкү молекулалуу өкүлдөрү жагымдуу жыт­туу, түссүз суюктуктар. Суу м-н жакшы арала­шат. К-дун мол. салмагынын өсүшү м-н сууда эригичтиги төмөндөйт. Ири молекулалуу өкүл­дөрү – катуу заттар. Бардык өкүлдөрү орг. эрит­кичтерде жакшы эришет ж-а өздөрү да – эрит­кичтер. К. негизинен экинчилик спирттерди ка­тализатордун таасири астында дегидрлөө же окстендирүүдөн Н3С– СН(ОН) – СН3 – СН3– СО – СН32 СН3– СНОН – СН3+[О] – СН3 – СО – СН32О, карбон к-таларынын туздарын ысы­тып ажыратуудан (RСОО)2Са – R2СО + СаСО3


ж. б. жолдор м-н алынат. К-дун хим. активдүү­лүгү альдегиддерден начар. Алардын реакцияга жөндөмдүүлүгү молекулада карбонил тобунун болушу м-н түшүндүрүлөт. Карбонил тобу ко­шуп алуу ж-а кычкылтектин атомунун башка атомго орун алмашуу реакциясына кирет. О. эле натрий бисульфити NаHSО3, хлороформ СНС13 ж. б. м-н оңой кошулат. К. өз ара кошулуу реак­циясына (альдолдук конденсация), суутекти ко­шуп алуу реакциясына да активдүү кирет. RCOR, --. R CHOH. К. техникада эриткич, орг. заттарды синтездөөдө баштапкы зат ката­ры кеңири колдонулат.


Ад.: Нейланд О. Я. Органическая химия. М., 1990; Адылов С. А. Органикалык химия. Б., 1991.

Ж. Медетбекова.