КЕТОНДОР
КЕТОНДОР – углеводороддордун эки радикалы м-н байланышкан карбонил тобу С=О бар органикалык бирикмелер R – C – R–. Радикалдын табиятына карата алифаттык, алициклдүү, ароматтык ж-а гетероциклдүү болуп бөлүнөт. Алифаттык кетондордун төмөнкү молекулалуу өкүлдөрү жагымдуу жыттуу, түссүз суюктуктар. Суу м-н жакшы аралашат. Кетондордун молекулалык салмагынын өсүшү м-н сууда эригичтиги төмөндөйт. Ири молекулалуу өкүлдөрү – катуу заттар. Бардык өкүлдөрү органикалык эриткичтерде жакшы эришет ж-а өздөрү да – эриткичтер. Кетондор негизинен экинчилик спирттерди катализатордун таасири астында дегидрлөө же окстендирүүдөн Н3С– СН(ОН) – СН3→СН3– СО –СН3+Н2 СН3– СНОН – СН3+[О] – СН3 – СО –СН3+Н2О, карбон кислоталарынын туздарын ысытып ажыратуудан (RСОО)2Са →
R2СО + СаСО3ж. б. жолдор м-н алынат. Кетондордун химиялык активдүүлүгү альдегиддерден начар. Алардын реакцияга жөндөмдүүлүгү молекулада карбонил тобунун болушу м-н түшүндүрүлөт. Карбонил тобу кошуп алуу ж-а кычкылтектин атомунун башка атомго орун алмашуу реакциясына кирет. Ошодой эле натрий бисульфити NаHSО3, хлороформ СНС13 ж. б. м-н оңой кошулат. Кетондор өз ара кошулуу реакциясына (альдолдук конденсация), суутекти кошуп алуу реакциясына да активдүү кирет. RCOR,+ Н2. R CHOH. Кетондор техникада эриткич,органикалык заттарды синтездөөдө баштапкы зат катары кеңири колдонулат.
Ад.: Нейланд О. Я. Органическая химия. М., 1990;Адылов С. А. Органикалык химия. Б., 1991.
Ж. Медетбекова.