КЕТМЕН-ТӨБӨ ТУЗ КЕНИ
КЕТМЕН-ТӨБӨ ТУЗ КЕНИ , Ш а м ш ы к а л т у з к е н и Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нунда, Токтогул шаарчасынан 26 км чыгышта, Кетмен-Төбө өрөөнүндө, Нарын д-нын оң өйүзүндөгү Шамшыкал бөксө тоосунда, деңиз деңг. 1100–1287 м бийикте. Кенди жерг. эл илгертен пайдаланган. Алгачкы геол. жумуштар 1932-ж., геол. чалгындоо иштери 1959–60-, 1972- ж-а 1994-ж. жүргүзүлгөн. Кен аймагын ариддик климаттан пайда болгон миоцендин чопо, алевролит, мергель, кумдук ж. б. чөкмө тектер түзөт. Алардын арасында гипс м-н туздун линза сымал кабаттары жатат. Туздун 34 кабаты табылган. Ар биринин калыңдыгы 1,5 мден 7–10 мге чейин, уз. 3–4 км. Туздун курамы: галит 60– 95%, глауберит 3,0–5%, тенардит 6–8%, астраканит 0,3%. Галит ири, орто, майда кристаллдуу; түсү ак, агыш боз, кээде тунук (шамшыкал). Туз кабаттары чопо м-н аралашкан. Туз малга тоютка жарамдуу. Запасы А+В+С1 ка- тегориясы б-ча 5606 миң т, С – 27 миң т. 1996- жылга карата туздун запасы А+В+С – 559 миң1 1 т, С – 2–27 миң т.