КЕТМЕН-ТӨБӨ ТУЗ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕТМЕН-ТӨБӨ ТУЗ КЕНИ , Ш а м ш ы к а л т у з к е н и Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Токтогул шаарчасынан 26 км чыгыш­та, Кетмен-Төбө өрөөнүндө, Нарын дарыясынын оң өйүзүндөгү Шамшыкал бөксө тоосунда, деңиз деңгээлинен 1100–1287 м бийикте. Кенди жергиликүү эл ил­гертен пайдаланган. Алгачкы геологиялык жумуштар 1932-жылы, геологиялык чалгындоо иштери 1959–60-, 1972- ж-а 1994-жылдарда жүргүзүлгөн. Кен аймагын ариддик климаттан пайда болгон миоцендин чопо, алев­ролит, мергель, кумдук ж. б. чөкмө тектер түзөт. Алардын арасында гипс м-н туздун линза сы­мал кабаттары жатат. Туздун 34 кабаты табыл­ган. Ар биринин калыңдыгы 1,5 мден 7–10 мге чейин, узундугу 3–4 км. Туздун курамы: галит 60– 95%, глауберит 3,0–5%, тенардит 6–8%, астра­канит 0,3%. Галит ири, орто, майда кристалл­дуу; түсү ак, агыш боз, кээде тунук (шамшы­кал). Туз кабаттары чопо м-н аралашкан. Туз малга тоютка жарамдуу. Запасы А+В+С1 ка-тегориясы боюнча 5606 миң т, С – 27 миң т. 1996-жылга карата туздун запасы А+В+С – 559 миң1 т, С – 2–27 миң т.