КЕТЕНДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕТЕНДЕР , RR–– С=С=О – реакцияга өтө тез кирүүчү каныкпаган орг. бирикме. Альдокетен­дер (R=Н, R–– орг. радикал) ж-а кетокетендер (R ж-а R–– орг. радикал) деп айырмаланат.
К-дин 1-мүчөсү газ; кайноо t 56°С, эрүү t 151,6°С. Суу м-н оңой кошулуп, уксус к-тасын ж-а ке­тонду пайда кылат. Спирт, амин, кислота ж. б. заттарды жакшы ацетилдөөчү бирикмелер.
Ө. ж-да катализатордун катышуусунда уксус к-тасын же ацетонду пиролиздөө жолу м-н алы­нат. К. эфирде, ароматтык ж-а хлордуу канык­кан углеводороддордо эрийт. Алар нуклеофилдүү реагенттерди, минералдык к-таларды, метал­лорг. бирикмелерди оңой кошуп алат. С=С ж-а С=О байланыштары бар бирикмелер м-н реак­цияга кирип, азот ж-а циклопропанды пайда кылат. Ө. ж-да уксус к-тасын ангидридге ай­ландырууда, ацетилцеллюлоза ж. б. алууда кол­донулат.