КЕСКЕН-ТАШ
КЕСКЕН-ТАШ – Баткен обл-нун Кадамжай р-нундагы кыштак. Көтөрмө айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1280 км бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 18 км. Исфара (Тажикстан) т. ж. бекетинен 55 км. Калкы 1442 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп бар.