КЕСКЕН-ТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕСКЕН-ТАШ – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Көтөрмө айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңгээлинен 1280 км бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 18 км. Исфара (Тажикстан) темир жол бекетинен 55 км. Калкы 1652 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп бар.