КЕСИПТИК ООРУЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕСИПТИК ООРУЛАР – эмгек шартынын орга­низмге тийгизген таасиринен ж-а кесиптик зыяндуулуктан пайда болгон оорулар. Оорунун түрү кесипке же иштеген шартка жараша болот (мис., силикоз, антрако-силикоз, асбестоз, ту­беркулёз ж. б.). Ишканадагы аба, санит. шарт­тын начарлыгы, темп-ра, чаңдуулук, дүрүлдөө, дирилдөө, күн нуру ж. б-дын таасиринен пайда болот. О. эле хим. заттар (коргошун, марганец, сымап, анилин, бензол) м-н уулануу, нурга чал­дыгуу, жугуштуу ылаң (шарп, күйдүргү, бруцел-


лёз ж. б.) м-н ылаңдаган малды багуу, дарылоо ж. б-дан болот. Кесипчиликке байланыштуу зы­яндуу таасирлерге каршы чараларды жүргүзүү, жумуш күнүн кыскартуу, кошумча эс алуу күндөрүн, бекер тамак-аш берүү, ден соолукка таасирин тийгизүүчү зыяндуу факторлорду азай­туу, өз маалында мед. кароодон өткөрүү ж. б. иш-аракеттер К. о-дын азайтууга шарт түзөт. Алдын алууда зыяндуу жерде иштегендерге эм­гекти коргоо ж-а коопсуздук техникасын туура сактоо чоң мааниге ээ.