КЕСИПТИК ООРУЛАР
КЕСИПТИК ООРУЛАР – эмгек шартынын организмге тийгизген таасиринен ж-а кесиптик зыяндуулуктан пайда болгон оорулар. Оорунун түрү кесипке же иштеген шартка жараша болот (мисалы, силикоз, антрако-силикоз, асбестоз, туберкулёз ж. б.). Ишканадагы аба, санитардык шарттын начарлыгы, температура, чаңдуулук, дүрүлдөө, дирилдөө, күн нуру ж. б-дын таасиринен пайда болот. Ошоной эле химиялык заттар (коргошун, марганец, сымап, анилин, бензол) м-н уулануу, нурга чалдыгуу, жугуштуу ылаң (шарп, күйдүргү, бруцеллёз ж. б.) м-н ылаңдаган малды багуу, дарылоо ж. б-дан болот. Кесипчиликке байланыштуу зыяндуу таасирлерге каршы чараларды жүргүзүү, жумуш күнүн кыскартуу, кошумча эс алуу күндөрүн, бекер тамак-аш берүү, ден соолукка таасирин тийгизүүчү зыяндуу факторлорду азайтуу, өз маалында медициналык кароодон өткөрүү ж. б. иш-аракеттер кесиптик ооруларды азайтууга шарт түзөт. Алдын алууда зыяндуу жерде иштегендерге эмгекти коргоо ж-а коопсуздук техникасын туура сактоо чоң мааниге ээ.