КЕРЧЬ ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЧЬ ЖАРЫМ АРАЛЫ – Крым ж. а-нын чы­гыш бөлүгү. Түндүгүнөн Азов, түштүгүнөн Кара деңиздери, чыгышынан Керчь кысыгы м-н чул­ганат. Аянты 3 миң км2. Түн.-чыгышы дөбө­дөңсөөлүү (бийикт. 190 мге чейин), түш.-баты­шы түзөң. Баткак жанартоолору, Керчь темир бассейни бар. Ири шаары ж-а порту – Керчь.
Көп бөлүгү айдоо, анда дан, тех. ж-а бакча өсүмдүктөрү, жүзүм өстүрүлөт. Жарым аралды б. з. ч. 5-к-дан б. з-дын 4-к-на чейин Боспор мам­лекети ээлеген.