КЕРЧЬ ЖАРЫМ АРАЛЫ
КЕРЧЬ ЖАРЫМ АРАЛЫ – Крым ж. а-нын чыгыш бөлүгү. Түндүгүнөн Азов, түштүгүнөн Кара деңиздери, чыгышынан Керчь кысыгы м-н чулганат. Аянты 3 миң км2. Түн.-чыгышы дөбөдөңсөөлүү (бийикт. 190 мге чейин), түш.-батышы түзөң. Баткак жанартоолору, Керчь темир
бассейни бар. Ири шаары ж-а порту – Керчь.
Көп бөлүгү айдоо, анда дан, тех. ж-а бакча
өсүмдүктөрү, жүзүм өстүрүлөт. Жарым аралды б. з. ч. 5-к-дан б. з-дын 4-к-на чейин Боспор мамлекети ээлеген.