КЕРОСИН
КЕРОСИ́Н (англ. сеrоsene) – нефтини буулантып айдоодо ж-а крекингдөөдө 180–320°Сге чейин кайнап бөлүнө турган углеводород аралашмасы. Түссүз же саргыч келген тунук суюктук.
Тыгызд. 0,775–0,850 г/см3. Тутануу темп-расы
анын фракциялык курамына жараша болот, б. а. К-дин курамында жогорку темп-рада кайноочу фракциясы канчалык көп болсо, ошончолук жогорку темп-рада тутанат. К-дин курамындагы углеводороддор К. өндүрүлгөн нефтинин курамына ж-а аны өндүрүү технологиясына жараша болот. Авиацияда колдонулуучу
К-де ароматтык углеводороддор 20–23%, чексиз
углеводороддор 2,4%тен жогору болбоо керек. Трактор моторун иштетүүчү К. – нефтини ж-а
анын аралашмасын буулантып айдоодон алынган 110–300°Сге чейин кайноочу фракциясы.
Жарык берүү үчүн колдонулуучу К. метан углеводороддоруна бай нефтини буулантуудан алынат. К. реактивдик, трактор моторлорун иштетүүчү, турмуш-тиричиликте жарык ж-а жылуулук берүүчү суюк отун ж. б. катары кеңири колдонулат.