КЕРОСИН
КЕРОСИ́Н (англ. сеrоsene) – нефтини буулантып айдоодо ж-а крекингдөөдө 180–320°Сге чейин кайнап бөлүнө турган углеводород аралашмасы. Түссүз же саргыч келген тунук суюктук. Тыгыздыгы 0,775–0,850 г/см3. Тутануу температурасы анын фракциялык курамына жараша болот, башкача айтканда керосиндин курамында жогорку температурада кайноочу фракциясы канчалык көп болсо, ошончолук жогорку температурада тутанат. Керосиндин курамындагы углеводороддор керосин өндүрүлгөн нефтинин курамына ж-а аны өндүрүү технологиясына жараша болот. Авиацияда колдонулуучу керосинде ароматтык углеводороддор 20–23%, чексиз углеводороддор 2,4%тен жогору болбоо керек. Трактор моторун иштетүүчү керосин – нефтини ж-а анын аралашмасын буулантып айдоодон алынган 110–300°Сге чейин кайноочу фракциясы. Жарык берүү үчүн колдонулуучу керосин метан углеводороддоруна бай нефтини буулантуудан алынат. Керосин реактивдик, трактор моторлорун иштетүүчү, турмуш-тиричиликте жарык ж-а жылуулук берүүчү суюк отун ж. б. катары кеңири колдонулат.