КЕРИМСЕЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРИМСЕЛ (ар. керим – ысык, сел – агым; ысык агым) – жай мезгилинде болуучу кургак, ысык (20–25°С) жел. Мелүүн алкактын талаа ж-а жа­рым чөл зоналарына, айрыкча Каспий бою ой­дуңуна ж-а Казакстанга мүнөздүү. Аба ырайы­нын антициклондук режиминде пайда болот.
Ылдамдыгы 5–20 м/сек, салыштырмалуу ным­дуулугу 30%ке чейин. К. көбүнчө бир нече сут­кага чейин гана болуп, узакка созулбайт. Жо­горку темп-ра ж-а абанын аз нымдуулугу жерг. аба массасынын трансформациясына алып ке­лет. К. жүргөндө буулануу күчөп, топуракта ным жетишпегендиктен, а. ч-га чоң зыян кел­тирет. К. Кырг-ндын кургакчыл аймактарына да мүнөздүү.