КЕРИМСЕЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕРИМСЕЛ (ар. керим – ысык, сел – агым; ысык агым) – жай мезгилинде болуучу кургак, ысык (20–25°С) жел. Мелүүн алкактын талаа ж-а жарым чөл зоналарына, айрыкча Каспий бою ойдуңуна ж-а Казакстанга мүнөздүү. Аба ырайынын антициклондук режиминде пайда болот. Ылдамдыгы 5–20 м/сек, салыштырмалуу нымдуулугу 30%ке чейин. Керимсел көбүнчө бир нече суткага чейин гана болуп, узакка созулбайт. Жогорку температура ж-а абанын аз нымдуулугу жергиликтүү аба массасынын трансформациясына алып келет. Керимсел жүргөндө буулануу күчөп, топуракта ным жетишпегендиктен, айыл чарбага чоң зыян келтирет. Керимсел Кыргызстандын кургакчыл аймактарына да мүнөздүү.