КЕРИМЖАНОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРИМЖАНОВА Бүбү (1920, Ысык-Көл обл, Ак- Суу р-ну, Бөрү-Баш айылы – 1994, Бишкек) – ад

абиятчы, сынчы, филология илимд. канди­даты (1950), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1954). Жумушчулар ф-тин (рабфак, 1937), КМПИнин Тил ж-а ад-т ф-тин бүтүргөн (1941). Кыргыз ССР ИАнын Тил,

ад-т ин-тунда ил. кызмат­кер (1947–50), сектор баш­чысы (1950–76), 1976-жыл­дан ил. кызматкер болуп иштеген. К-нын «Акындын чыгармачылык жолу» (1960), «Семетей жана Сей­тек» (1961, орус тилинде), «Кыргыз ыр түзүлүшүнүн кээ бир маселелери» (1964),


«Кыргыз поэзиясынын көркөм сөз каражатта­ры» (1968) эмгектеринде кыргыз жазуучулары­нын чыг-лыгы, кыргыз ад-тынын өсүш тары­хына ж-а көркөм табиятына тийиштүү маселе­лер изилденген. К. – «Орто кылымдан бүгүнкү прогресстин сересине карай» (1965), «Улуу Ок­тябрь социалисттик революциясы жана дүйнө­лүк адабият» (1970), «Кыргыз совет адабиятынын тарыхы» (1970), алты томдон турган «Көп улут­туу совет адабиятынын тарыхы» (1970–74) ж. б. эмгектердин авторлорунун бири. 10-класс үчүн «Кыргыз совет адабияты» окуу китебин түзүүгө катышкан. К. – 40тай ил. эмгектин, 100дөн ашуун ил. макаланын автору. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.