КЕРИМЖАНОВА
КЕРИМЖАНОВА Бүбү (1920, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Бөрү-Баш айылы – 1994, Бишкек) – ад

абиятчы, сынчы, филология илимдеринин кандидаты (1950), Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1954). Жумушчулар факультетин (рабфак, 1937), КМПИнин тил ж-а адабият факультетин бүтүргөн (1941). Кыргыз ССР ИАнын тил, адабият ин-ститутунда илимий кызматкер (1947–50), сектор башчысы (1950–76), 1976-жылдан илимий кызматкер болуп иштеген. Керимжанованын «Акындын чыгармачылык жолу» (1960), «Семетей жана Сейтек» (1961, орус тилинде), «Кыргыз ыр түзүлүшүнүн кээ бир маселелери» (1964), «Кыргыз поэзиясынын көркөм сөз каражаттары» (1968) эмгектеринде кыргыз жазуучуларынын чыгармачылыгы, кыргыз адабиятынын өсүш тарыхына ж-а көркөм табиятына тийиштүү маселелер изилденген. Керимжанова – «Орто кылымдан бүгүнкү прогресстин сересине карай» (1965), «Улуу Октябрь социалисттик революциясы жана дүйнөлүк адабият» (1970), «Кыргыз совет адабиятынын тарыхы» (1970), алты томдон турган «Көп улуттуу совет адабиятынын тарыхы» (1970–74) ж. б. эмгектердин авторлорунун бири. 10-класс үчүн «Кыргыз совет адабияты» окуу китебин түзүүгө катышкан. Керимжанова – 40тай илимий эмгектин, 100дөн ашуун илимий макаланын автору. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.