КЕРИМБАЕВ Сүйүн Каримович
КЕРИМБАЕВ Сүйүн Каримович (1915, Чүй обл.,
Сокулук р-ну, Күн-Туу айылы – 18. 8. 2006, Бишкек) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (1984).
Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (1970); Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Фрунзе пед. окуу жайын (1935), Ленинград мамл. ун-тин
(1941) бүткөн. 1946–56-ж. СССР ИАнын Кыргыз
филиалынын тарых музейинде директор, 1957–
70-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунда бөлүм башчы, 1970–86-ж. улук ил. кызматкер, 1986– 91-ж. жетектөөчү ил. кызматкер, 1991–2000-ж.
ил. консультант болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу, Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Советский Киргизстан в Великой Отечественной войне 1941–45 гг. Ф., 1985.