КЕРИМБАЕВ Сүйүн Каримович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРИМБАЕВ Сүйүн Каримович [1915, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу (азыркы Чүй) облусу, Пишпек уезди (азыркы Сокулук району), Күн-Туу айылы – 18. 08. 2006, Биш­кек] – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1984). Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатын­дагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970); Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Фрунзе педагогика окуу жайын (1935), Ленинград мамлекеттик университетин (1941) бүткөн. 1946–1956-жылдарда СССР ИАнын Кыргыз филиалынын тарых музейинде директор, 1957–1970-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда бөлүм башчы, 1970–1986-жылдарда улук илимий кызматкер, 1986– 1991-жылдарда жетектөөчү илимий кызматкер, 1991–2000-жылдарда илимий консультант болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу, Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз, «Ар­дак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Эмг.: Советский Киргизстан в Великой Отечествен­ной войне 1941–45 гг. Ф., 1985.