КЕРИМБАЕВ Асанкалый

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

257-бет, 2-бөлүк

өзө

гүн жаштык, сүйүү сезим­дерин ж-а табият көркүн ча­гылдырган обондор түзөт.

«Мунарым» (сөзү А. Током­баевдики), «Кусалык» (сөзү Ж. Мамытовдуку), «Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат» (сөзү А. Өмүркановдуку), «Сулууга» (сөзү А. Осмонов­дуку), «Ак булуттар» (сөзү О. Султановдуку) ж. б. обондору кыргыз ыр казынасын байытты. Эл чыг-лыгынын Бүткүл союздук фестивалынын (1976), респ. кароо-конкурстардын жеңүүчүсү болгон. Ырлары «Үч кайнар» (2004) аттуу обон­дуу ыр жыйнагына (Р. Абдыкадыров, Э. Маа­данбековдун чыгармалары м-н бирге) кирген. К-дин чыг-лык жолу «Ырга айланган өмүр» ат­туу китепте (1987), «Жалгыздык» телетасмасын­да (2001, автору Б. Боркеев) чагылдырылган.