КЕРИМБАЕВ Асанкалый
КЕРИМБАЕВ Асанкалый (7. 2. 1950, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Ренжит айылы — 10. 12. 1999, Бишкек) — обончу, аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1996). Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүткөн (1974). Токтогул райондук элдик театрында (1967—1969), Кыргыз мамлекеттик драма театрында, Кыргыз ССР телерадиокомитетинде (1974—1984) иштеген. 100дөй обондун автору. Чыгармачылыгынын өзөгүн жаштык, сүйүү сезимдерин жана табият көркүн чагылдырган обондор түзөт.

«Мунарым» (сөзү А. Токомбаевдики), «Кусалык» (сөзү Ж. Мамытовдуку), «Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат» (сөзү А. Өмүркановдуку), «Сулууга» (сөзү А. Осмоновдуку), «Ак булуттар» (сөзү О. Султановдуку) жана башка обондору кыргыз ыр казынасын байытты. Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук фестивалынын (1976), республикалык кароо-сынактардын жеңүүчүсү болгон. Ырлары «Үч кайнар» (2004) аттуу обондуу ыр жыйнагына (Р. Абдыкадыров, Э. Мааданбековдун чыгармалары менен бирге) кирген. А. Керимбаевдин чыгармачылык жолу «Ырга айланган өмүр» аттуу китепте (1987), «Жалгыздык» телетасмасында (2001, автору Б. Боркеев) чагылдырылган.