КАРА-БАТКАК ОФИКАЛЬЦИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:25, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БАТКАК ОФИКАЛЬЦИТ КЕНИ Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Кызыл-Суу кыштагынан 28 км түштүк тарапта, Тескей Ала-Тоо­нун түндүк капталындагы Чоң Кызыл-Суу өрөө­нүнүн төрүндө. Кен аймагында протерозойдун акиташ теги, сланец, кварцит сыныкчаларынан турган морена орун алган. Мында туурасы 20–40 м, узундугу 400 м аянтта моренанын 8–10%ин түз­гөн офикальцит койташтары, 0,8 м шагылда­ры кездешет. Офикальцит кооз келип, кызгыл­тым боз, күңүрт жашыл түстө. Жакшы сайкал­данат. Запасы 100 м3. Кооз буюмдарды жасоого болот.