КАРА-БАТКАК ОФИКАЛЬЦИТ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-БАТКАК ОФИКАЛЬЦИТ КЕНИ Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Кызыл-Суу кыштагынан 28 км түштүк тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Чоң Кызыл-Суу өрөөнүнүн төрүндө. Кен аймагында протерозойдун акиташ теги, сланец, кварцит сыныкчаларынан турган морена орун алган. Мында туурасы 20–40 м, узундугу 400 м аянтта моренанын 8–10%ин түзгөн офикальцит койташтары, 0,8 м шагылдары кездешет. Офикальцит кооз келип, кызгылтым боз, күңүрт жашыл түстө. Жакшы сайкалданат. Запасы 100 м3. Кооз буюмдарды жасоого болот.