КАРА-БАЛТА СУУ САКТАГЫЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:11, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БАЛТА СУУ САКТАГЫЧЫ Жайыл районун­дагы Кара-Суу кыштагынан 6 км жогору жайгаш­кан. 1963-жылы курула баштап, 1964-жылы ишке кир­гизилген. Ал Кара-Балта суусу м-н толот. Суу агымын жыл мезгилине жараша жөнгө салат. Сугатчылыкта пайдаланылат. Узундугу 2,45 км, эң жазы жери 1,25 км, эң терең жери 7,92 м, суу толгондогу аянты 0,49 км2, сыйымдуулугу 4,3 млн м3. Суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 5 м3/сек. Плотинанын узундугу 197 м, туурасы 3 м, эң бийик жери 11,68 м. Жайыл районунун 1,68 миң га жерин суу м-н кам­сыз кылат.