КАРА-БАЛТА СУУ САКТАГЫЧЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-БАЛТА СУУ САКТАГЫЧЫ Жайыл районундагы Кара-Суу кыштагынан 6 км жогору жайгашкан. 1963-жылы курула баштап, 1964-жылы ишке киргизилген. Ал Кара-Балта суусу м-н толот. Суу агымын жыл мезгилине жараша жөнгө салат. Сугатчылыкта пайдаланылат. Узундугу 2,45 км, эң жазы жери 1,25 км, эң терең жери 7,92 м, суу толгондогу аянты 0,49 км2, сыйымдуулугу 4,3 млн м3. Суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 5 м3/сек. Плотинанын узундугу 197 м, туурасы 3 м, эң бийик жери 11,68 м. Жайыл районунун 1,68 миң га жерин суу м-н камсыз кылат.