КАРА БЕДЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:23, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА БЕДЕ (Medicago Tianshanica) – өсүмдүк­төрдүн чанактуулар тукумундагы көп жылдык чөп. Тамыры жоон, эң терең кетет. Сабагы 40– 80 см ге жетет, жыш жалбырактуу. Топ гүлү чачы, 10–25 гүлдү камтыйт. Чөйчөкчөсү түктүү, желекчесинин түсү көк, кызгылт көк, саргыч, ак, жашыл сымак ж. б., мөмөсү – чыйралган чанак. Уругу сары. Июлда, августта гүлдөйт, август, сентябрда мөмө байлайт. Борбордук Азияда, Казакстанда, Кыргызстанда Талас, Чаткал, Фергана, Алайда кеңири таралган. Батыш Тянь-Шандын кара топурактуу, күрөң топурактуу суу жээкте­ринде, субальп алкагындагы токой-чер арасын­да өсөт. Анын дагы бир түрчөсү Жалал-Абад облусу­нун Кара-Алма аймагынан табылган. Кара беде баа­луу тоют. Сабагы бийик, жалбырагы жыш, топу­рак тандабай өсөт, аязга, кургакка чыдамдуу.