КАРА БЕДЕ
КАРА БЕДЕ (Medicago Tianshanica) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы көп жылдык чөп. Тамыры жоон, эң терең кетет. Сабагы 40–80 см ге жетет, жыш жалбырактуу. Топ гүлү чачы, 10–25 гүлдү камтыйт. Чөйчөкчөсү түктүү, желекчесинин түсү көк, кызгылт көк, саргыч, ак, жашыл сымак ж. б., мөмөсү – чыйралган чанак. Уругу сары. Июлда, августта гүлдөйт, август, сентябрда мөмө байлайт. Борбордук Азияда, Казакстанда, Кыргызстанда таралган. Талас, Чаткал, Фергана, Алайда кеңири кезигет. Батыш Тянь-Шандын кара топурактуу, күрөң топурактуу суу жээктеринде, субальп алкагындагы токой-чер арасында өсөт. Анын дагы бир түрчөсү Жалал-Абад облусунун Кара-Алма аймагында таралган. Кара беде баалуу тоют. Сабагы бийик, жалбырагы жыш, топурак тандабай өсөт, аязга, кургакка чыдамдуу.