«КЕРЗОН ЛИНИЯСЫ»
«КЕ́РЗОН ЛИНИЯСЫ» – Польшанын чыгыш чек арасы катары 1919-ж. декабрда Антантанын Жогорку Совети тарабынан сунуш кылынган линиянын шарттуу аталышы. Чек ара ж-дө Британиянын тышкы иштер министри Ж. Керзон Совет өкмөтүнө жиберген нотасында Кызыл Армиянын чабуулу белгиленген линияда (Гродно – Яловк – Немиров – Брест-Литовск – Дорогуск – Устилуг – Крылов – Грубешовдун чыгыш ж-а Рава-Русскаянын батышынан, Перемышлдан Карпатка чейин) токтотулушун талап кылган. Совет өкмөтү ага макулдугун билдирген. Британиялык дипломат Ж. Керзондун ысмынан «К. л.» деп аталган. 1939-ж. сентябрда Германия Польшаны басып алгандан кийин, Украина м-н Беларуссиянын батыш бөлүктөрү СССРге кошулуп, бул жер ж-дөгү тарыхый чындык калыбына келтирилген. Совет өкмөтү 1944-ж. 11-январдагы билдирүүсүндө ж-а 1945- жылдагы Крым конф-ясында согуштан кийинки сов.-польшалык чек ара «К. л.» б-ча өтсө, аны тааный тургандыгын билдирген. 1945-ж. 16-августта СССР м-н элдик демокр. Польшанын ортосунда келишимге кол коюлуп, ал б-ча сов.-польшалык чек ара биротоло аныкталган.